Жогорку Кеңеш Экономикага 6 айлык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш Экономикага 6 айлык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча

мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам министрлер кабинетине бюджеттин

кирешелери менен чыгашаларынын 20 пайызын Жогорку Кеңеш менен

макулдашпастан башкарууга, салык ставкаларын, мамлекеттик сатып

алуулардын шарттарын жана башкаларды өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин президенттин алдындагы коррупцияга каршы иш кеңешинен

экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү өлкө башчынын саясатына

туура келбей турганын жана жаңы коррупциялык тобокелдиктерди

жаратарын билдиришкен.