Конституциянын жаңы долбоору даяр

Конституциянын жаңы долбоору даяр.

Бул тууралуу конституциялык кеңештин жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев билдирет.

Ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болот,

андан кийин жаңы Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Эске салсак, конституциялык кеңешме жаңы долбоордун үстүнөн былтыр ноябрдан тартып иштеп баштаган.

Аталган долбоор менен президенттик башкаруу күчөтүлөт. Курултай – көзөмөлдөөчү органы ишке кирет.

Ал эми Жогорку Кеңеш бир мандаттуу жана партиялык системага өтүп, депутаттык корпус кыскартылат.