Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, башкы прокурор Курманкул Зулушев Жапыкеевдин арызына кол коё элек.

Азырынча отставкага кетүү чечиминин себеби белгисиз.

Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген.

Бирок премьер-министр Улукбек Марипов аталган кызматты жоюу боюнча токтом чыгаргандан кийин

ал ишсиз калган. Бирок кийин, 30-мартта, Ысык-Көлгө прокурор болуп дайындалган.