Нарын облусунун Кочкор айыл өкмөтүнө шаар макамын берүү сунушталды

Нарын облусунун Кочкор айыл өкмөтүнө шаар макамын берүү сунушталды. Айыл өкмөттөн кабарлашкандай, бул боюнча учурда бардык документтер даярдалып жатат.

 

Облустук маанидеги шаар болуш үчүн 20 миң калк болуш керек деген талап бар. Азыр Кочкор айыл өкмөтүндө 18 миң 700 тургун жашайт.

 

Мындан башка талаптарга да Кочкор айыл өкмөтү туура келип жатат, — дешти жергиликтүү бийликтегилер.

 

Белгилеп кетсек, аталган айыл өкмөттүн карамагына үч айыл кирет. Эгер шаар макамы берилип калса, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылышы мүмкүн.