Бир жылда кыргыз-тажик чек арасынын 82 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстан 2021-жылдагы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдаша алды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн топографиялык жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу башталды.

Ал беш күнгө созулат.

Белгилеп кетсек, эки  өлкө ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган.