Чүйдүн Таш-Дөбө айыл аймагы ичүүчү суу менен камсыз болот

Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы С.Жентелиев, аталган облустун Аламүдүн районунун акиминин орун басары Б.Абдугулов Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл кенешинин депутаттары жана жашоочулары менен жолугушуп, ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматына таянып, «Кабар» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жашоочуларга ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу түшүндүрмө берилди.

Атап айтканда, 2022-жылга бекитилген тизмеге ылайык, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен Таш-Дөбө айылынын жаңы конушуна суу менен камсыз кылуу ДСД иштеп чыгууга 32 га 1000,0 миң сом каралган.

Бүгүнкү күндө Таш-Дөбө айылынын 32 га жаңы конушунун суу менен камсыз кылуу үчүн Таш-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан Чүй аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы менен биргеликте долбоорлоо үчүн керектүү документтерди даярдоо киргизилет.