Президент Садыр Жапаров «Индия — Борбор Азия» саммитке катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Индия — Борбор Азия» диалогунун
алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат.
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара 27-январда өтөт. «Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара кызматташууну жана
аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбор Азия менен
Индия мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык
байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы
боюнча Дели декларациясы кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.