Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул жумада Ош шаарында Исанов жана Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүндөгү 25ке жакын мыйзамсыз объект алынды.

Муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, аталган көчөлөрдүн боюндагы 700 метр мыйзамсыз тосмолор, 12 гараж, 2 күркө, 11 навес сүрдүрүлдү.