Эртеңден тарта бардык мамлекеттик органдар электрондук документ жүгүртүү системасына өтөт

Эртеңден тарта бардык мамлекеттик органдар президенттик аппарат менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу иштеп баштайт.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, система бир катар артыкчылыктарга ээ.

Тактап айтканда, документтерди борборлоштурулган сактоого, документтер боюнча иштердин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүгө, кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана маалыматка жетүүнү жеңилдетүүгө жардам берет.

Бүгүнкү күндө системаны 37 мамлекеттик орган колдонот.