«Бишкек башкы архитектурага» жаңы жетекчи келди

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасына жетекчи болуп Марат Жороев дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгонун муниципалитеттен кабарлашты.

Марат Жороев буга чейин «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

 

Түлөбаевдин дагы бир буйругу менен жемкорлукка айыпталып кармалган аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Асхат Түлөбердиев иштен алынган.

Ал 24-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалып, 28-ноябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан болчу.