Бишкек милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу киргизилди.
Шаардагы коомдук коопсуздукту жеке курам толугу менен камсыздайт. Күчөтүлгөн тартип 10-январга чейин созулат.