Бишкекте имараттар бир түскө боелот. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, алгач иштер борбордук көчөлөрдөн башталат, андан кийин короолордун ичиндеги үйлөрдүн маңдайкы бети сырдалат.
Чиновник белгилегендей, имараттарды жана үйлөрдү бир түскө бое – шаарды бирдиктүү форматка алып келет.