Москвадагы Жеңиш парадына чакырылган кыргызстандык ардагерлер карантинге алынды

24-июнда Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү Жеңиш парадына чакырылган ардагерлер карантинге алынды. Маалыматты Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тастыктаганын орус басылмалары жазып чыгышты.

 

Анда ветерандар санаторий жана эс алуу жайларына жайгаштырылганы айтылат.

 

«Жеңиш парадына катыша турган 80 ардагер 2 апталык изоляцияда болушат. Мындай чара биринчи кезекте алардын саламаттыгы үчүн колдонулуп жатат. Алар жаткан жерлерде бардык шарттар түзүлгөн. Карантиндеги ардагерлерге кошумча медициналык кызмат алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн», — деген маалымат катчы жергиликтүү басылмалардын бирине.

 

Маалым болгондой, Москвадагы бул парадга президент Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон. Ошол эле учурда парадга Кыргыз өлкөсүнүн атынан Улуттук Гвардиянын аскерлери катышары кабарланган.