Өлкөдө эл аралык аба каттамдарды кое берүү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот

Өлкөдө эл аралык аба каттамдарды кое берүү эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Андан белгилешкендей, эл аралык аба каттамдарды ачуу боюнча чечимди республикалык штаб кабыл алат.

 

Ал бардык коркунучтарды анализдеп чыгышы керек. Ал эми зарыл болгон учурларда чартердик каттамдарды уюштуруу уланууда.