Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.
Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Мунун себеби оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Туннель бүгүнтөн баштап 27-июлга чейин түнкү саат 11ден 1ге чейин жана 2ден таңкы 4кө чейин жабык болот.