ДССУ маймыл чечегин «саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал» деп жарыялады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечегин «саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаал» деп жарыялады.

Уюмдун маалыматына ылайык, май айынан бери 75 өлкөдө оорунун 16 миңден ашуун учуру катталды.

Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо — бул өкмөттөрдү кандайдыр бир чектөө киргизүүгө эмес вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө багытталат.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү.

Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда аталган ооруну жугузуп алгандар катталган жок.