Ошто коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк берилди.
Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, тез жардам кызматында иштеген 15 адамдын, коронавируска кабылгандарды дарылап жаткан 11 дарыгердин жана коронавирусту жугузуп алган медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирилди.
Буга чейин да шаар мэринин тапшырмасы менен үйүнө барбай иштеп жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк таратылган.