Кыргызстандын айрым шаарларында жана облустарында дарыларды кагаз түрүндө жазып берүү жоюлду

Кыргызстандын айрым шаарларында жана облустарында дарыларды кагаз түрүндө жазып берүү жоюлду. Милдеттүү камсыздандыруу фондунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана дарыкана тармактары электрондук рецепттерге өткөнүнө байланыштуу.

 

Алар камсыздандырылган жарандарга жана жеңилдиктер берилгендерге арналат.

 

Алсак, эми Бишкектин, Талас жана Жалал-Абад облустарынын дарыгерлери дары-дармекти кагазга жазып бербейт. Буга чейин мындай система Ош жана Ысык-Көл облустарында киргизилген.