Кербен шаарында 6 миллион сом болгон жер тилкеси муниципалитеттин менчигине кайтарылып берилди

Кербен шаарында 6 миллион сом болгон жер тилкеси муниципалитеттин менчигине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

 

Ага ылайык, Аксы районунун прокуратурасы 2012-2015-жылдары трансформация болбогон жер жеке турак жай куруу үчүн Кербен шаарынын мэриясынын токтому менен берилип кеткенин аныктаган.

 

Себеби бул аймак айыл чарба багытында болгонуна карабай мыйзам бузуу менен курулуш иштерин жүргүзүү үчүн берилип кеткен. Аксы районунун прокуратурасынын мэриянын токтомун жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылган.