Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча “кызыл аймакка” кирди

Бишкек эпидемиологиялык абал боюнча “кызыл аймакка” кирди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдиргендей, “сары аймак” Чүй облусунда жарыяланды. Ал эми калган аймак “жашыл зонага” кирет.

 

Чиновник белгилегендей, вирустун кайрадан күч алышына бет кап режими менен коопсуз аралыктын сакталбашы, ошондой эле массалык көңүл ачуучу иш-чаралар себеп болууда.