Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда,  Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына онлайн катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Билдирмеге караганда, жыйын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтөт.

«Анда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары бир катар документтерди, анын ичинде глобалдык климат маселеси боюнча билдирүүнү кабыл алуусу болжолдонууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЕАЭБдин мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү боюнча экинчи этапка өтүү жана күн тартибиндеги башка маселелерди кароо пландалып жатканы айтылды.