Бишкек жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек жана Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга этият болуп, жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат.

 

Ал эми унааларды бак-дарактын алдына токтотпош керек.