Бишкекте кайрадан чектөөлөр киргизилбейт

Бишкекте кайрадан чектөөлөр киргизилбейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымынлда, ордо калаада вирустун күч алганы тынчыздандырууда. Бирок азырынча кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү пландалган жок.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин социалдык тармактарда вирустун экинчи толкуну болуп, Бишкекте кайрадан карантин киргизилет деген маалыматтар тарап жатат.