Синоптиктер бүгүн Бишкекте катуу шамал болорун эскертишүүдө

Синоптиктер бүгүн Бишкекте катуу шамал болорун эскертишүүдө. Туруксуз-аба ырайы кечинде күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши ыктымал.

 

Андыктан, шаар тургундарына бактардын жана жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми айдоочулар унааларын ачык аянттарга гана токтотсо туура болот. Күндүз температура 26 градус көтөрүлгөнү менен, кечкисин бир аз салкындап, жаан себелейт.