Бишкекке бүгүн Новосибирск шаарынан кыргызстандыктар жеткирилди

Бишкекке бүгүн Новосибирск шаарынан кыргызстандыктар жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чартердик каттам менен 186 мекендеш кайтты.

 

Анын ичинде студенттер, кош бойлуу аялдар, балдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар. Белгилеп кетсек, пандемиядан улам чек аралар жабылып, кыргызстандыктар өлкөгө келе албай калышкан.

 

Өкмөттүн тапшырмасы менен алар үчүн чартердик каттамдар уюштурулуп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 12 миңден ашык кыргызстандык жеткирилди.