Россиядагы кыргызстандыктар өлкөгө жеткирилди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей,
Москвадан Ош аба майданына 155 жаран, Санкт-Петербургдан
173 адам жеткирилди. Чет жерде жүргөн кыргызстандык
жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.