Бишкектин 7-апрель көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкектин 7-апрель көчөсүндө кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Анын Ахунбаев менен кесилишинде жылуулук тармагы оңдолот. Иштер 5-июлдан 30-июлга чейин жүргүзүлөт.

 

Андан улам, 7-апрель көчөсүнүн чыгыш тарабында эки тараптуу кыймыл уюштурулат. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга эртелеп башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.