Ош облусунда дагы чектөөлөр киргизилүүдө

Ош облусунда дагы чектөөлөр киргизилүүдө. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, дүкөндө, кафелер жана коомдук тамактануу жайлары кечки саат 10го чейин эле иштеши керек.

 

Базарлар болсо дүйшөмбүдөн тышкары күн сайын ачык болот. Ал эми бул күнү дезинфекциялоо иштери аткарылат. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

 

Ошондой эле, караоке-клубдар жана башка көңүл ачуу жайлары убактылуу жабылмай болду. Буга чейин чектөөлөр Бишкекте, Баткенде жана Ысык-Көлдүн Каракол шаарында киргизилген.