Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтууну каалаган 8 миң 700 жаран бар.
Бул тууралуу Тышкы иштери министри Чыңгыз Айдарбеков билдирет.
Анын айтымында, 52 өлкөдөгү мекендештер жардам сурап кайрылышты.
Коронавирус пандемиясы чыккандан бери өлкөгө 23 мамлекеттен 9 миңден
ашык кыргызстандык алынып келинди. Айдарбеков белгилегендей, ушул айда
Катар, Иран, Стамбул, Франкфурт-на-Майне, Москва, Түштүк Корея жана
Белорустан бир миңге жакын жаранга каттам уюштурулат.