Бишкекте 140 орундуу бала бакча калаанын балансына өтөт.
Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси
Карасаев көчөсүндө жайгашат жана ал 4 тайпага ылайык. Буга чейин
имаратта спорттук мекеме жайгашкан. Учурда анда иштеп жаткан
кызматкерлер башка объектке көчүрүлүүдө. Имаратты тез арада
бакчага ылайыкташтыруу тапшырмасы тиешелүү кызматтарга тапшырылды.