Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы бала бакчалар убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы бала бакчалар убактылуу жабылды.

Бул тууралуу калаа башчысы Нурлан Дөөлөнов билдирди. Анын айтымында,

мектепке чейинки даярдоо мекемелери эки жумага ишин токтотот. Эпидемиологиялык

кырдаал турукташпаса, мөөнөт дагы узартылат. Ошондой эле жергиликтүү

бийлик 1-июлдан тартып үйлөнүү тойлорду жана башка массалык

иш-чараларды токтотууну пландап жатат