Чүй облустук мамлекеттик бала-бакчалар азырынча ишке киришпейт.
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жайкы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
Мамлекеттик жана муниципиалдык бала бакчаларды иштетүү азырынча пландала элек.
Учурда 3 мектепке чейинки даярдоо мекемесине гана уруксат берилди. Алар Жайыл,
Москва жана Аламүдүн райондорунда. Белгилеп кетсек, Чүй облусунда
жалпысынан 265 бала бакча бар, алардын 182си мамлекеттик.