Бишкекте 15 санитардык унааны тапшыруу аземи өттү

Бишкекте 15 санитардык унааны тапшыруу аземи өттү. Атайын техника Дүйнөлүк банктын COVID-19 долбоорунун алкагында сатылып алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаалар өлкөнүн бардык облустарына жиберилет.

 

Министр Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, учурда өлкө толук кандуу санитардык унаалар  менен камсыз болгону менен, эскилиги жетип бара жаткан техниканы алмаштырып туруу керек.