Ордо калаанын айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей,
бүгүн кечки саат 7ге чейин Ибраимов, Шопоков, Москва, Патриса Лулумба, Садыгалиев,
Дэн Сяопин көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, чыгыш 5 кичирайонунда, Мурас-Ордо, Ак-Босого,
Ынтымак, Көк-Жар, Дордой жана Орок конуштарынын айрым тилкелеринде электр
энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.