Бишкекте быйыл тротуарлар оңдолот

Бишкекте быйыл тротуарлар оңдолот. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 17 жолдун жалпы узундугу 20 миң метрден ашкан тротуарды калыбына келтирүү пландалды.

 

Андан тышкары, Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейинки жана Раззаков көчөсүнүн Токтогул-Түгөлбай ата тилкесиндеги тротуар оңдолот.