Мунапыс берчү мыйзам күчүнө кирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана
Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, эркинен ажыратылгандар 7 тизме боюнча бошотулат. Ошону менен бирге
мыйзамда мунапыс колдонулбай турган кылмыштардын тизмеси да бекитилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын
ичинде аткарылууга тийиш. Мыйзамдын негизинде 1 миң 200дөн
ашык адам түрмөдөн чыгары күтүлүүдө.