Бишкекте 15 жуп кооз датада никесин каттоодон өткөрдү. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 6-июнда түгөйлөр Бишкектеги Бакыт үйүндө каттоого турушту.
Анын төртөө чет элдик жарандар менен никелешкен. 06.06 датасы жекшемби күнгө туш келгенине карабастан, каттоого турууга талабы жогору болду, — дешти ведомстводон.