Бишкек мэриясы электробустарды сатып алуу боюнча Азиялык өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар бийлиги банк менен кийинки кызматташуусун токтотту деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Транспорт суроолору боюнча вице-мэр Русланбек Акылбековдун келиши менен бул маселе кайрадан көтөрүлдү. Учурда электробус жана электр унааларын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, “Муниципалдык эко такси” кызматын түзүү суроосу талкууланып жатат, — дешти мэриядан.