Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар 220 объект талкаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов билдирди. Анын айтымында, арасында турак-жайлар, социалдык объектилер, бензин куюучу станциялар, дүкөндөр жана ашканалар бар.
688 жаран үйсүз калды. Учурда жабыркаган аймактарда куткаруучулар иштеп жатат.
Белгилеп кетсек, учурда чек ара райондорунда абал туруктуу. 52 ыкчам-тергөө тобу жабыркаган объектилерди текшерип бүтүп, материалдык зыянды тактоого киришти.