Бишкекте №18 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу уланууда

Бишкекте №18 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусун куруу уланууда.

Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө

иштер 80 пайызга аткарылды. Жылуулук, суу жана канализация тармактарын

орнотуу иштери жүрүп жатат. Билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталат жана

ал 2 корпустан турат. Долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 41 миллион сомду

түзөт. Объектти быйыл жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.