Кыргызстанда көмүргө болгон максималдуу баалар орнотулду.
Бул тууралуу мнополодукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин
директору Кеңешбай Тайлаков билдирди. Анын айтымында, кара отундун
баасын көзөмөлгө алуу 12-октябрдан тартып 90 күнгө киргизилген.
Көмүрдүн баасы районго жана көмүр казылган аймакка жараша болот.
алсак, Бишкекте кара отундун тоннасы – максималдуу түрдө
4 миң 400 сомдон сатылат, Чүй облусунда – 4 миң 550 сомдон.
Башка аймактардагы бааларды novosti.kg. сайтынан билсе болот.