Жумгал районунун Садыбакасов атындагы орто мектебинин курулушу 60 пайызга аяктады.
Билим берүү мекемесин 275 орундуу болот. Долбоордун жалпы суммасы 59 миллион 800 миң сомду түзөт.
Курулуш иштери 2014-жылы башталган. Жакынкы аралыкта пайдаланууга берилип калат. Белгилеп кетсек,
буга чейинки имарат 2014-жылы авариялык абалда деп табылган.
Мындан улам окуучулар башка эски корпуста билим алып жатышкан болчу.