Бишкектеги Иманалиев көчөсү оңдоп-түзөлөт.
Мэриянын маалыматына ылайык, иштер тилкенин
Рысмендиев көчөсүнөн Балык Кумарга чейинки бөлүгүндө аткарылат.
Жалпысынан 2 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт. Аны менен
бирге жөө жүргүнчүлөр үчүн жол белгиси дагы орнотулат.
Иштер ушул жуманын аягына чейин бүтөт.