Кыргызстандын аймактарына караганда Бишкекте айлык көбүрөөк.
Тагыраагы, быйыл жарым жылдыкта ордо калаада орточо маяна
291 долларды же 24 миң 700 сомду түздү, ал эми республикада
орточо айлык аталган суммадан 62 долларга же 5 миң 200 сомго
төмөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.
Муну менен Бишкекте республиканын региондорундагы эмгек акыга
салыштырмалуу 21,3 пайызга жогору. Комиссиядан белгилешкендей,
борбор менен региондордогу айлык акынын айырмасы
ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө бар.