Бишкекте троллейбустар тургундарды түнкү 11ге чейин ташыйт. Аталган коомдук транспорттун ишин узартуу чечими маршруттук таксилердин каттамга чыкпай койгонуна байланыштуу кабыл алынды.
Маселе чечилмейинче, ордо калаада троллейбустар таңкы саат 5:40тан түнкү 11ге чейин иштейт. Белгилеп кетсек, каттамдарга орточо эсеп менен 140 тролллейбус чыгып атат.