Бишкекте айдоочуларга карата масштабдуу рейд 2-ирет жүрдү

Бишкекте айдоочуларга карата масштабдуу рейд 2-ирет жүрдү.

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан

novosti.kgге билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө 1 миң 200 эреже бузуу

катталды. Мас абалда рулга отурган 45 айдоочу кармалса, 11и унаанын

айнегин караңгылатып айдаган. Ал эми транспорт каражатын тиешелүү

документи жок башкарып жүргөндүгү боюнча 54 факты аныкталды.

184 унаа айып короосуна киргизилип, алардын ичинен 49у эвакуацияланды.

Кошумчаласак, Милициянын кайгуул кызматы тарабынан уюштурулган

чоң деңгээлдеги рейд 2-ирет ишке ашты.

Анын жүрүшү дагы уланат, — дешти кызматтан.