Кыргызстанда февраль айында кошумча эс алуу күндөрү болбойт

Кыргызстанда февраль айында кошумча эс алуу күндөрү болбойт. Бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнү быйыл жекшембиге туура келет.

 

Бул  күндүн эсебинен кыргызстандыктар 2-январда эс алып койгон. Андыктан, эс алуу күндөрүн жылдыруу болбойт, 24-февраль кадимки иш күнү болот.