Биринчи май Райондук милициясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Биринчи май Райондук милициясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, ички иликтөө кызматына жаран арыз менен

кайрылган. Анда майда бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү

маселени оң жагына чечип берем деп кызматкер 10 миң сом талап кылган.

Шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө

7 миң сом алып жатканда кармалды. Аталган факты кылмыш жана

жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.