“Тулпар” карталарын алууга пенсионерлер үчүн жеңилдиктер пайда болду

“Тулпар” карталарын алууга пенсионерлер үчүн жеңилдиктер пайда болду.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда,

бүгүндөн тарта соцфонддорго кайрылып, пенсиялык күбөлүктөрүнө мөөр

бастырса болот. Пенсионерлердин жашаган жери боюнча катталган

жайларга кызыл түстөгү “Тулпар” карточкалары таркатылды. Эске салсак,

учурда коомдук унаалардагы төлөмдөрдү карта жана накталай аркылуу

жүргүзсө болот. Ал эми 1-марттан тарта

“Электрондук билеттештирүү” долбоору ишке кирет.