Бишкекте алдыңкы сааттарда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Андыктан, жарандарга зарылчылык жок болсо – сыртка чыгуудан баш тартуу сунушталат.
Жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо керек.